Кыргыз өлкөсүндө Махатма Гандиге арналган жумалык өткөрүлөт

Кыргыз Республикасында 2-16-октябрь күндөрү аралыгында Эл аралык зомбулуктан арылуу күнүнө карата жана индиялык саясий ишмер Махатма Гандинин туулган күнүнүн урматына жумалык өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда уюштуруучулардын бири Миррахим Токтогулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Махатма Гандиге арналган жумалык "Алтын Таж" коомдук фонду тарабынан Индиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Анын алкагында Бишкек, Каракол, Талас, Ош, Нарын, Кызыл-Кыя шаарларында түрдүү иш-чаралар өтөт. Алсак, Бишкек шаарында илимий-теориялык конференция, йога боюнча мастер-класстар өтүп, "Ганди" көркөм тасмасы акысыз көрсөтүлөт. Андан сырткары башка облустарда дагы йога боюнча мастер-класстар, "Гандинин зомбулуксуз философиясы" темасындагы тегерек столдор уюштурулат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Махатма Ганди - Индиядан чыгып, бүткүл дүйнөгө гуманисттик идеялары менен зор таасир калтырган инсандардын бири. Ал Индиядагы улуттук-боштондук кыймылдын лидери, идеологу. Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери - адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы - сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Гандинин идеялары Индиянын миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2017-10-01 16:24:45
Ганди Кыргызстанга эмне салым кошту эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан