Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылы 2-октябрда Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 81 жашында көз жумган.
Ал 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып Кардиологиялык илим изилдөө институтунун директору болгон. 700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору.
Негизги илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Бийик тоо гипоксиясына адамдын фазалык түрдө көнүгөрүн аныктаган. Ал бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири. Анын жетекчилиги менен 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жакташкан.
1950-1960-жылдарда Кыргыз мамлекетинде өлүмгө, майыптыкка алып барган илдеттердин ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турган. Ал учурда аталган илдеттин кесепетинен көз жумгандардын саны арбын болгон. Мындай көрсөткүчтөн улам совет республикаларынын ичинен Мирсаид Миррахимов алгачкылардан болуп адистештирилген кардиологиялык кызмат түзүү зарылчылыгын айтып чыккан. Натыйжада 1963-жылы 15 союздук республиканын ичинен Фрунзеде кардиология бөлүмү ачылган. Андан кийин 1977-жылы Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин токтомунун негизинде Кардиология илимий-изилдөө институту өз ишин баштаган.
Мирсаид Миррахимов - Кыргыз улуттук илимдер академиясынын, Орусия медициналык илимдер академиясынын жана Нью-Йорк академиясынын академиги, мүчөсү. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер, илим жана техника боюнча эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниги, КРнын Билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы эл аралык Ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов 2 Ардак белгиси, 2 Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III даражадагы "Манас" ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
2-октябрдын жылнаамасы.