Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Аламүдүн районунун активи менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун активи менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, жолугушуу учурунда мамлекет башчы суроолорго жооп берди. Президент мектептердин, бала бакчалардын курулушу, таза суу менен камсыз кылуу, этникалык кыргыздардын жарандыгы боюнча суроолорго жооп берди.

Атамбаев райондун тургундарын ага президент учурунда колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен ар дайым кыргыз элинин колдоосун сезип турчумун. Ошондуктан көп нерсени аткарууга жетиштим болуш керек”, - деди президент.

Ал Кыргыз мамлекети өзүнүн жолун таап, бардык ресурстар, байлык, эл үчүн иштеген өлкө болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2017-10-02 11:13:54
Алмабек Атамбаев Чуйдун Аламидин р-нунун активи менен эмес дежурныйлары менен жолукту деп айтса туура болмок.Алмазбек Атамбаев Россиядагы кыргыз мигрантары сиздин кетишинизди жана Кыргызстанда жанылууну,экономиканын осушун,завод фабрикалар ачылып жумуш оорундарын пайда болушун тилешип жатышат.Бильбейм сизди кайсыл кыргыз эли колдогонун бальким КСДП сизди колдоп жатса керектир бирок кыргыз эли сизден тажады.Бул ачуу чындык.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан