29-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 21 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Майрамдык иш-чарада аскерлер парады болуп, күжүрмөн даярдыктагы аскерлердин уруш өнөрүнүн ыкмаларын көрсөтүүсү менен коштолмокчу. Ошондой эле парашюттан секирүү болот. Аны менен катар эле эстрада жылдыздарынын жана Коргоо министрлигинин оркестринин катышуусунда концерт уюштурулмакчы. Майрамдык иш-чара саат 18:00дө башталат.