Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодон баш тарткан талапкерлердин шайлоо күрөөсүнө койгон акчасын кайтаруу чечимин кабыл алды. Турсунбек Акунга 650 миң сом, Кубан Чороевге 1 миллион сом, Ахматбек Келдибековго 1 миллион сом, Канат Исаевге 1 миллион сом, Исхак Масалиевге 1 миллион сом кайтарылмакчы.
Эске салсак, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Борбордук шайлоо комиссиясы күрөөгө коюлган бир миллион сомун качан кайтарып бере турганын сураган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарылгандардын күрөөсү кайтарыларын билдирген.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.