Ошто зоо таштарын мыйзамсыз ташып жаткан жаран кармалып чара көрүлдү

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында мыйзамсыз зоо ташын ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан бүгүн, 2-октябрда билдиришти. Маалым болгондой, ыкчам иштердин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан эч кандай уруксат кагаздары жок, оор жүк ташуучу унаа менен тоо ташын ташыган аталган айылдын М.З. аттуу тургуну кармалды.

Инспекциянын адистери тарабынан жеринде мыйзамсыз ишмердүүлүк токтотулуп, тийиштүү кагаздар толтурулду. Ошондой эле аталган жаранга мыйзамсыз кен казууга тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Paolo
2017-10-02 19:55:01
Мм да андан коро америкалык аркарды атып жургон кызга чаара корушсо болмок
+17
jalguzum
2017-10-04 00:41:57
Paolo,туура, америкада эстелике атын жазган Нуртилекти канча кылышты бул кызды камаш керек
0
Tyty1990
2017-10-02 20:22:39
Крышаларга акча болушпой койгон го
+8
meni_kut
2017-10-02 21:22:41
Супер инфо эмнеге жооп алып бере албай жатасынар?Тоо ташка куйгон мекенчилер,эмнеге кызыл китепке кирген аркарды аткан кызга чара корбой жатат??
+7
admin_superstan
2017-10-03 10:42:13
meni_kut, саламатсызбы! Сунуш-өтүнүчүңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bond
2017-10-02 22:00:29
Озбекстан да казат ошол Араван жактан деп укканмын.
+2
cfif03748
2017-10-02 22:36:36
Жерде жаткан ташка да уруксат кагаз керек болсо.Эми дем алган абага да уруксат кагаз сурашатко
+6
KGstan1981
2017-10-02 23:26:47
Кызыл-Кыя менен Озбекстандын чек арасында Озбекстандыктар ачык эле Кыргызстандын аймагына кирип таштарды камаз менен жуктоп кетип жатышат бул эмне мыйзамсыз эммеспи?
+6
nurali1989
2017-10-03 00:57:15
Четтегилер алсын, оз элибиз кармалсын. Бул кандай ыкма. Тоодогу аркарды аткпн америка кызын кармашса болмок да
+5
jon.as
2017-10-03 05:35:01
nurali1989,андайларга биздикилердин алы жетпейт. Уйдо баатыр жоодо жок дегендей
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан