БШКнын мүчөсү эл аралык байкоочулардын арасында шайлоого тиешеси жоктор жүргөнүнө нааразы болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоого каттоодон өтө турган эл аралык байкоочулардын арасында шайлоого тиешеси жоктор жүргөнүнө нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда БШКнын отурумунда билдирди.

"Президенттик шайлоого аккредитациядан өтүүчү эл аралык байкоочулардын арасында балдар лагеринин директору жүрөт. Ал Казакстандан келет экен. Байкоочу деген адам укугуна же шайлоого тиешеси болушу керек. Балдар лагеринин директору Кыргыз мамлекетинин президенттик шайлоосуна мониторинг жасаганга келеби? Ойлонуп көрсөңөр. Байкоочулардын ичинде 29у Казакстандын өкүлү экен", - деди.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева байкоочу болуп мугалим, дарыгер, балдар лагеринин директору боло бере турганын айтты. Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү эл аралык байкоочуларды каттоо маселесин кийинки жыйында кароо чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан