Президенттикке талапкер Төрөбаевди КТРКнын дебатына катыштыруу маселесин БШКнын жумушчу тобу карамай болду

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевди КТРКнын дебатына катыштыруу маселесин карады. КТРКнын юристи Максат Төлөгөнов Бакыт Төрөбаев теледебатка катышуудан баш тартканын айтты. Анын айтымында, Төрөбаевди дебатка катыштыруу үчүн техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок. Аталган каналдын шеф-редактору Бактияр Тукеев студияны даярдоого 10 күн керектеле турганын айтты.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова мамлекет тарабынан каржыланып жаткандан кийин комиссия менен акылдашуусу зарылдыгын белгиледи. Ал дебат талапкерлердин убактысы эмес, БШКнын убактысы деп кошумчалады.

Максат Төлөгөнов талапкер өзү баш тартып жаткандан кийин ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Бактияр Тукеев бүгүн бул боюнча БШКга расмий кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мыйзам боюнча талапкер жүйөлүү себеп менен дебатка катыша албай калса, анда башка күнгө жылдырыла турганын эскертти.

Төлөгөнов талапкер дебатка катышуу убактысын башка күнгө жылдыруу маселеси каралышы мүмкүн экенин белгиледи. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топ карап чечим кабыл алышын сунуштады.

Эске салсак, Бакыт Төрөбаев 23-сентябрда КТРКдан берилген “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген аталыштагы материалдан улам телеканалга бойкот жарыялаган. Төрөбаев 3-октябрда өтүүчү теледебатка катышпай калышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kanat.ozgorush
2017-10-02 22:00:34
бийликтин сасык оюндары башталды күчтүү каршылаштарын кара пияр менен элге жаман көргөзүнү ойлоп жатышат
+5
kenjebek_a
2017-10-02 22:37:37
Торобаев шайлоодогу убадаларын баарын аткарган.Эл катуу колдоп жаткан.Бабановко эмнеге кошулду тушунуксуз.Озу барса жакшы добуш алмак.Бакыт учун Бабановко добуш беришпейт,менин жеке ойум.Шайлоочулардын копчулугу Мадумаровко ооду.
+9
Azatbek83
2017-10-03 00:31:43
Мага кызык алты жыл мурун азыркы президент элге эмне деп убада кылган болчу?Ошол убадалар аткарылдыбы?Ким билсе жазгылачы супер инфо билесинерби? Азыркылар Кыргызстанды бейиш кылып жиберчудой убада беришкенинен айттымда.
+2
admin_superstan
2017-10-03 10:01:10
Azatbek83, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-03 11:19:31
Azatbek83,алтындарым гукучукторум жожолорум светти бекер кылам наарын суусуна кошулган уулу заттарды жойуп таштайм деген тилекке ото каршы свет кымбаттады кумтор эмне кылды
0
osor
2017-10-03 01:05:38
Кимиси президент болсо да биз мигранттарга тийишпесенер болду таможный союзга тийишпесе болду без потент иштеп жатабыз кудайга шугур
+2
Paolo
2017-10-03 03:11:56
Супер инфо сиздерге бир сурООО эмнеге А.Мадумаров жонундо жазбайсыздар
+2
admin_superstan
2017-10-03 09:54:32
Paolo, саламатсызбы! Ал жөнүндө жаңылык болсо сөзсүз жазылат.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-03 07:40:52
Жеенбеков эле жакшыраактай калганы жакпай калды бири башка элди колдоп жатат
-3
admin_superstan
2017-10-03 09:55:44
SHERBOLAT, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_superstan
2017-10-03 09:56:39
Aza17, порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан