ЖЫЛНААМА, 3-ОКТЯБРЬ: Кыргыз прозасынын башатын жараткан жазуучу Касымалы Баялинов 38 жыл мурун каза болгон

Мындан 38 жыл мурун, 1979-жылы 3-октябрда жазуучу Касымалы Баялинов 77 жашында дүйнөдөн кайткан.
Ал 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырап, туугандарынын колунда өсүп калат. 1916-жылкы Үркүндө 14 жашында эл менен кошулуп Кытайга качкан. Октябрь революциясынан кийин мекенине кайтып келип, Кочкор айылында малайлыкта жүрүп, 1918-жылы Токмокко жөө келет. Ар кайсы жерде иштеп, аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу да болот.
Касымалы Баялинов алгачкы ырларын 1920-жылдардын башында жазып, алар казак, татар тилдеринде басылып чыккан. Кыргыз тарыхынын оор күндөрүнө арналган белгилүү "Ажар" аттуу аңгемеси 1926-жылы биринчи жолу жарык көрөт. Ачкачылык, жокчулук өкүм сүргөн заманда карапайым элдин арылбаган арыз-муңу жөнөкөй, жатык, бирок ошол эле учурда терең, таамай жана көркөм берилген бул чыгарма кыргыз прозасынын башаты болуп эсептелет.
Жазуучу кыргыздын алгачкы кесипкөй котормочуларынын бири. Ал Максим Горькийдин "Макар Чудра" аттуу аңгемесин (1929), Александр Пушкиндин "Кавказ туткуну" (1937), "Руслан менен Людмила" (1937) аттуу поэмаларын, "Евгений Онегин" романын (1941) жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырган. Ошондой эле жазуучунун өз чыгармалары да орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немис, чех тилдерине которулуп чыккан.
Касымалы Баялиновдун көзү тирүүсүндө жарык көргөн акыркы автобиографиялык даректүү чыгармасы "Большевиктерге жазылам" деп аталган. Замандын өзгөрүүсүнө жараша чыгармадагы ар кандай саясий мамлекеттик түзүлүштөрдүн алкагында берилгенине карабай, повестте автордун турмуштук көз карашы, өз мезгилиндеги муундардын мекенине, идеяга берилгендиги, атуулдук сезимдери объективдүү чындыкты, адам баласы үчүн түбөлүктүү баалуулуктарды чагылдырат. 1993-жылы жазуучунун ысымы Бишкектеги Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканага ыйгарылган.
3-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан