Чаткалда жайлоодон түшө албай калган таластык чабандарды алып келүү иштери улантылууда. Бул тууралуу 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу 3 короо кою жана 3 үйүр жылкысы менен аталган ашуудан өтө албай калышкан.
"Чабандарды көчүрүп келүү үчүн ӨКМнын Бакай-Ата жана Токтогул райондук башкармалыктарынан куткаруучулар 1-октябрда жөнөп кетишкен. Алар Чаткал районунан барган куткаруучулар менен Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жолугушуп, унаа жүрүп бара ала турган жерге чейин жетишкен. Андан ары 2 ат менен ӨКМнын Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн офицери жана жайлоодо калып калган мал жандыктардын ээси жөнөп кетишкен. Калган куткаруучулар Чакмак-Суу айылында турушат. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.