Жарандык активисттин сотунда видео тартууга тыюу салынды

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту өтүүдө.

Анын жактоочусу журналисттерге видео тартууга уруксат берүүнү суранса, мамлекеттик айыптоочу видео тартуунун кажети жок экенин билдирди. Сот Эмил Кайыпов жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, видеожазууга уруксат берилген жок. Ал аудиожазуу жүргүзүүгө гана уруксат берди.

Эске салсак, 10-августта Мавлян Аскарбеков УКМКга суракка чакыртылган. Анда аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Аскарбековдун коомчулуктун алдында айткан билдирүүлөрү боюнча соттук-эксперттик кызматы тарабынан текшерүү жүргөнүн айткан. Ал билдиргендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан