ИИМ өкүлү: "Үгүт кампаниясындагы мыйзам бузуулар боюнча 65 материал түшүп, 6 факт боюнча кылмыш иши ачылды"

Бишкекте 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.

Жыйында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Улан Рысбеков: "Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы башталгандан бери мыйзам бузуу фактылары боюнча 65 материал түштү. Мунун ичинен 6 материал боюнча "мүлктү атайылап жок кылуу", "бейбаштык", "уурдоо" беренелерине кылмыш иши козголду. Ал эми 37 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан