Эмилбек Каптагаев: "Шайлоо күнү элдик кошуундардын шайлоо тилкелеринде турушу туура эмес"

Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыздоодо милицияга жардам берген элдик кошуундар талкууга түштү. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева, экс-чиновник Эмилбек Каптагаев шайлоо маалында элдик кошуундун шайлоо тилкелеринде турушу туура эместигин айтышты.

"Алар шайлоо тилкелеринде кайсы бир талапкерге иштеши толук мүмкүн. Алар тилкелерде турбашы керек. Өзүнчө жайда отурушуп, кооптуу кырдаал жаралса гана баргыдай болушу шарт", - дешти алар.

ИИМдин өкүлү Улан Рысбеков сунуш эске алынарын, аны ИИМ жетекчилигине жеткирерин айтты.

Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан