Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Жыйында экс-спикер Абдыганы Эркебаев парламент өзүнүн тикелей милдетин аткарбай жатканын айтты. "Шайлоого жакын парламенттин депутаттары ишке чыкпай коюшту, Конституциялык милдеттерин аткарбай жатышат. Азыркы учурда иштеп, Шайлоо кодексинин аткарылышын көзөмөлдөп турушу керек эле. Жогорку Кеңеш качан иштейт, качан иштебейт регламентте так жазылган. Ошондуктан бүгүнкү жыйындын резолюциясына парламент тууралуу бир абзац кошууну сунуштайм", - деди Эркебаев.
Сунушту кыймылдын мүчөлөрү колдоого алышты.
Равшан Жээнбеков "парламенттин шайлоого жакын иштебей коюшу жол берилгис. Биз сөзсүз кайрылуу жасашыбыз керек. Же иштесин, же ошондон ары биротоло тарап кетишсин" деди.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.