Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Роза Отунбаева: "Коомдогу окуяларга бизди реакция кылбай жатат деп жатышат. Биз, балким, оперативдүү эмес, бирок реакция жасап жатабыз. Бүгүнкү жыйындын өзү реакция. Жакында жаштар акция өткөрдү, эгерде азыркыдай чыңалуу улана берсе, дагы митингдер болоруна көзүм жетип турат. Шайлоодон кийин шайлоонун легитимдүүлүгү чоң маселе болуп турат. Шайлоо күч менен өтүп, легитимсиз болсо жыйынтыгы көрүнөт. Биз шайлоо легитимсиз болуп калбасын деп аракет кылып жатабыз. Бул чоң маселе", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.