Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын экинчи жыйыны өттү.
Жыйын соңунда резолюция кабыл алынды. Анда шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан алынбаганы, кыймылдын буга чейин жасаган кайрылуусун бийлик жоопсуз калтырганы, депутат Канат Исаевдин кармалышы шайлоо алдындагы чыңалууну күчөткөнү, 2010-жылкы революция дагы журналисттер менен саясатчыларды куугунтуктоодон, бийликтин криминалдашып кетүүсүнөн башталганы белгиленет.
Кыймыл коомчулукту мыйзам бузууларга, добуш сатып алуу аракеттерине, административдик ресурс колдонулушуна, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн коркутууларына өз убагында реакция кылып, фактыларды дароо элге жарыялоого чакырды.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.