Шайлоо бюллетенинде 13 президенттикке талапкердин аты-жөнү жазылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда "Учкун" ишканасында басылып чыккан шайлоо баракчалары менен тааныштырып жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев талапкерликтен алынгандыктан шайлоо участкаларында иштеген комиссия мүчөлөрү анын аты-жөнүн калем менен чийип чыгышат.
Айта кетсек, Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартып талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын 20-сентябрь күнү Сузакта эл менен жолугушуусунда билдирген. 25-сентябрда Ташиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКнын атына арыз жазган. 26-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы анын президенттикке талапкер катары каттоосун жокко чыгарган.
Шайлоого жалпысынан 3 миллион 31 миң 811 бюллетень даярдалган. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.