Жээнбековдун шайлоо штабында биометрикалык маалыматтарды топтоого жол берген жетекчи жазаланды

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында биометрикалык маалыматтарды чогултууга жол берген Ош шаарынын паспорт-виза жана каттоо иштери мекемесинин башчысы Ринат Алиев дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура кызматкерлери биометрикалык маалымат чогултулуп жаткан жерге барышканда ал жерде ар кандай баракчалар сакталып жатканын байкашкан. “Ошол эле учурда объект Сооронбай Жээнбековдун расмий штабы болуп эсептелбейт. Ал жерде 4 жаран биометрикалык каттоодон өткөн. Эч кандай үгүт иштери жүргүзүлгөн эмес", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 26-сентябрь күнү Ош шаарында биометрикалык маалыматтар Жээнбековдун штабында чогултулуп жатканы белгилүү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Adil706070
2017-10-04 10:11:48
Жээнбеков азыр кургак чыгат го сууга тушсо дагы шайлоо алдында
+1
jalgyzymsyn
2017-10-04 11:13:48
Сариевдин историясына неге коммент калтырууга болбойт.
0
arawan
2017-10-04 11:27:44
ээй чык эшикке
+2
arawan
2017-10-04 11:27:51
ээй чык эшикке
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-04 11:45:44
Ал эле эмес бизде магазинде сатып алып жатышат айыл окмоттон бир барак алып келсен 500 сом деп соке брат учун
0
fora
2017-10-04 11:47:42
Акыйкат шайлоо болбойт экенда бизде
0
Nazar76
2017-10-04 13:13:22
Кыргызды бул соке кыйратпайтко бул кишини Эл шайлабайт ашанын колдоосу менен эле откуп кеттет болуш керек соке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан