Тогуз-Торо районунда кар көп жаагандыгына байланыштуу унааларга кооптуу абал жаралган. Мындан улам 2017-жылдын 3-октябрдагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Жыл сайын күз айларында Сары-Кыр ашуусуна кар жаап, унаалардын жүрүүсүнө кооптуу абал түзүлгөндө Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жай айларына чейин адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында убактылуу жабылат", - деп айтылат маалыматта.