Таласта ашууда калган чабандарды Токтогул району тараптан куткаруу иштери жүрүүдө

Таласта ашууда калган чабандарды Токтогул району тараптан куткаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 30-сентябрь күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.

"Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Кара-Буура райондук №93-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 5 адам издөө-куткаруу иштерине тартылды. Алар бүгүн саат 05:48де куткаруучулар тобу издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн кайрадан жөнөп кетишти. Алар чабандарды Токтогул району тараптан куткарууга аракет кылышат", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, буга чейин чабандарды Чаткал жана Талас тараптан да куткаруу иштери жүргөн. Бирок ашууда кар калың болгондуктан аларды алып өтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
marmiladka9
2017-10-04 10:56:29
куткаруу ишин жургузгонунорго 3кун болду го, тонуп олбодубу алар
+2
daak9191
2017-10-04 14:51:21
Силер куткаргыча алар озулору эле ашып келгени калды окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан