Сапар Исаков "Манас" аэропортун күтүүсүз барып текшерди

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда таңкы саат 6:00 чамасында "Манас" аэропортуна күтүүсүз барып рейд жүргүздү. Аэропорттун ишине нааразы жарандардын көптүгү Исаковду ал жерге айттырбай барып, реалдуулукту өз көзү менен көрүүгө түрткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Сапар Исаков жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу залга, аэропорттун жүктөр бөлүмүнө барып жүргүнчүлөр менен баарлашты. "Премьер-министр чек ара текшерүү пунктунан өтүүчү жердеги жана бажы текшерүү бөлүгүндө "кызыл" коридордогу кезек күтүүлөрдү көрдү" деп айтылат маалыматта.

Сапар Исаков: "Биздин жарандардын жана келген коноктордун арыздануулары толук негиздүү. Жалпыга маалымдоо каражаттары да бир нече жолу аэропорттогу тейлөө шарттарынын начардыгы тууралуу жазып чыгышкан. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорттун жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн ыкчам чараларды көрүшү керек", - деди рейд учурунда.

Өкмөт жетекчиси тиешелүү кызматтар чоң кезек күтүүлөр боюнча көйгөйдү гана чечпей, жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышы керек деп эсептейт. Ошондой эле адистер англис тили дүйнөлүк тил экенин эске алып, тез арада англис тилин үйрөнүшү керектигин кошумчалады. "Манас" аэропорту – өлкөнүн негизги аба дарбазасы. Биздин өлкөгө учуп келген жана кеткен ар бир жаран өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Тейлөө, тиешелүү кызматтардын жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси, алардын ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээли боюнча биринчи жана акыркы көз караштар дал ушул аэропорттон түптөлөт", - деди Исаков.

Рейддин жыйынтыгында Сапар Исаков аэропорттун жетекчилиги менен бажы кызматына айтылган бардык кыска мөөнөттөгү маселелерди 2 айдын ичинде, ал эми чек аралык текшерүү кабинкаларынын санын көбөйтүүнү, залдарды кеңейтүү жана башка узак мөөнөттөгү маселелерди 6 айдын ичинде чечүүнү тапшырды. "Бүгүн тиешелүү кызматтар менен өзүнчө дагы бир чогулуш өткөрөм жана анда текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча конкреттүү тапшырмаларды берем", - деди Исаков.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактын аянтчасында өлкөдө жайгашкан аэропорттордогу тейлөөнүн начардыгы сынга алынып, маал-маалы менен жазылып турат. Андыктан күтүүсүз жасалган текшерүүдөн кийин өкмөт башчы Сапар Исаков аэропорттогу бажы тармагында айтылып келе жаткан коррупцияны ооздуктоонун да жолун табат деген үмүт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
ady-88
2017-10-04 14:25:52
Сапар молодец. Мындай иштеген премьерди коро элекмин.
+10
kechirmeni
2017-10-04 14:54:36
больница, паспорт стол сыяктуу мекемелерге барсын
+12
Azatbek83
2017-10-04 14:56:26
Ош Эл аралык аэропортун да текшериш керек чон аталарынан калган аэропортой копол мамиле кылышат заставить этип сен орогон сумканы оройсун деп акча алат туугандары тааныштары без очурот.Башка жакта балалуулар биринчи отушсо биздики тескеринче баарын иштен алмаштырыш керек шайлоого жакын ошондой кылдырып албасак аларын иши буткондон кийин баарибир болуп калышат.
+9
nurik838383
2017-10-04 15:15:08
Эээ бишкек норма эле оштун аэропортун да ушинтип текшерсенер
+8
gulmira12345
2017-10-04 15:21:02
Оштун аэропортун дагы текшериш паланчаев тукунчаев барсынарбы чыккыла силер без очеред деп акча бергендерди откорот былтыр инимдин кызын алып келе жатсак фальшивый до верносту деп менин алкымым чон 1000 сом 2000 сомго ынабайм 5000сом бересин дейт анда отменить этип коюн таштап кетем десем ага дагы ынабайткен телфондун камерасын жандырып койсом аркада ошондойлорду текшерген бироосу баркен телфонунузду очурун болбойт тартканга деп анысы менен пополам кылат окшойт
+6
Aikoo2014
2017-10-04 19:24:47
gulmira12345,
Ооба ошол жердеда акча бергендерди биринчи кутуусуз откоруп жиберет. Жанада мамилелери орой, сылык мамиле жасаганды билишпейт.
0
Shamdagai2013
2017-10-04 15:59:35
Байкуштай кийинип алып,больницага барсын!Эч ким кабыл албайт.Ошондо корот коррупция кандай экенин!
+8
Tyty1990
2017-10-04 16:14:48
Исаков озу 6 айга чейин креслосун сактап кала алабы
-1
barakcha
2017-10-04 16:21:42
Сапар Исаковдон умутум зор болуп турат...Бул иши алкышка татыктуу!
+5
tavanova.sarah
2017-10-04 16:48:07
Ошко деле барып койсунчу?...
Оштун аэропортунун кызматкерлерине, ичинен гана согунуп каласында...
Оройлугу аз келгенсип, жон гана суроого адамдай жооп беришпейт!
Аман эле болушсун!..
0
Han1111
2017-10-04 17:52:52
Жакшы иштеп жатат буйруса. Мен куткон эмесмин, аэропорттогулар да куткон эмес менимче))
+3
Aitosh93.kg
2017-10-04 21:05:42
Ооо баракелде Сапар Исаков ушундай текшеруулорду башка жерлергеда барыш керек айтпай
+1
Kuyoo_bala
2017-10-04 21:58:12
Красавчик
+1
Bilal2014
2017-10-04 23:17:44
Жаш болсо да жакшы иштеп жатат келгенине аз эле болду премерликке.озу да жонокой адам корунот.билбейм дагы кийин эле айнып кетпесе.
+1
Sharipa-asia
2017-10-05 02:30:33
Азамат ушундай иштерди жүргүзүп, айттырбай барып текшерип турса,ким эле иштебесин,ар бир жерде өз убагында жасалып турмак иштери
+2
bakulya2015
2017-10-05 07:14:45
Эн жакшы азаматсыз. Аллах ыраазы болсун. Иштеринизге ийгилик мекенибизде сиздей инсандар коп болсун! Сиздей уулду тарбиялаган ата-эненизге да рахмат. Текшерууну ар тараптан кучоото бериниз окуу жайларды да аябай текшериниз соонун болот. Омурунуз узун болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан