"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" БШКга 20 күн ичинде 10 арыз берди

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" президенттик шайлоого даярдыктын узак байкоо мөөнөтү боюнча алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Коалициянын президенти Азамат Адилов үгүт кампаниясы башталгандан бери 20 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына 10го чукул арыз беришкенин айтты.

"Маалымат каражаттарынан, биздин байкоочулардан келип түшкөн маалыматтар боюнча 10го жакын арыз менен БШКга кайрылып тиешелүү жообун алдык. Учурда өлкөнүн 7 облусунда биздин 54 байкоочу иштеп жатат. Алар негизинен үгүт материалдарына көңүл бурууда", - деди Адилов.

Мындан тышкары ал үгүт иштеринде жол берилип кеткен кемчиликтерди айтты. "Мыйзам бузуулар менен коштолгон кара пиарды колдонуулар бар. Талапкерлер үгүт иштеринин жүрүшүндө сунушталган платформаларына өзгөчө көңүл бурбастан тескери жеке сапаттарына басым кылышат. Бул шайлоонун тандоосуна таасир этет", - деп кошумчалады Адилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан