Өлкөдө 8-октябрдан тартып абанын температурасы жогорулап, күн ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Кыргызгидрометтен билдиришти.
"7-октябрда өлкөнүн түштүк аймактарында түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. 8-октябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында күн ачылып абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында +22 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында абанын жылуулугу +25 градуска чейин жогорулайт. Мындай аба ырайы 13-октябрга чейин улануусу күтүлөт", - деп билдиришти Кыргызгидрометтен.
Айта кетсек, буга чейин 3-5-октябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолордо кар жаай турганы айтылган.