Жээнбековду колдоого чакырган деп мектеп директорунун үстүнөн жазылган арызды БШК канааттандырган жок

Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырган деп мектеп директорунун үстүнөн жазылган арызды карады.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 25-сентябрында Бишкектеги №26-гимназияда ата-энелер чогулушу болгон. Анда гимназиянын директору ата-энелерди шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик партиясынан талапкерге үгүттөгөнү боюнча директордун жоопкерчилигин кароо жагы сунушталган. Бирок БШК мектеп директору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер болуп эсептелбей турганын айтып, далилдөөчү материалдар жетишсиз болгондуктан канааттандыруудан баш тартты.

Айта кетсек, арыз 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына “Демократия жана жарандык коом коалициясы” тарабынан жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arawan
2017-10-04 18:06:27
буга деле тан калбайм
+3
Hernandez
2017-10-04 18:34:53
Жээнбековдун үстүнөн жазылган бир да арызды БШК карабайт, аны жаңылык кылып жарыялабай эле койгула
+4
PROS
2017-10-05 10:03:22
БШК пингвин учат десе, демек учат. Жылан чуркайт десе демек чуркайт. Оппозициядагы талапкерлердин аргымагы ташбака десе демек ташбака. АШАнын доорунда дагы канча тайраңдайт экенсиңер көзүңөрдү май басып! Калыстык жок, кошоматчылык көп заманда жашап калдык (((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан