Ош шаарынын борбордук аянтында "Ош Агро-2017" көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманкеге Казакстан жана Орусия мамлекеттеринин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлдөрү, фермерлер, жеке ишкерлер катышты. Көргөзмө Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган.
"Жарманкенин максаты фермерлерди бүткүл дүйнөдө колдонулган заманбап техниканын жаңы түрлөрү менен тааныштыруу болчу. Жарманкенин алкагында райондордон келген дыйкандар мөмө-жемиш, жер-жемиштерин жана чарба техникаларын көргөзмөгө коюшту. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге тегерек стол өткөрүлүп, насыя алуу, алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, күнөскананы иштетүү боюнча түшүндүрмө берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.