Бишкектеги жаштар аллеясына коюлган чоң көлөмдөгү көз айнектин кантип сынганы видеого түшүп калган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Көз айнектин эмнеден улам кулап жаткандыгын аныктоо үчүн биздин кызматкерлер изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада видеодон көрүнүп тургандай көз айнек өзү эле кулагандыгын көрүүгө болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнек буга чейин белгисиз адамдар 3 жолу сындырышканы айтылып, бейбаштыкты жасагандар Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан изделип жатканын билдиришкен.