Бишкек шаарында жана калаанын жаңы конуштарында кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан электр тогу маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда “Түндүк электр” Ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Күз-кыш мезгилинде жашоочулардын үйүндө электр тогу өчпөсү үчүн жазында даярдык көрүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп баштайт. Керектүү бөлүктү оңдоо үчүн шаардын айрым бөлүктөрүндө электр тогу өчүрүлүп турат. Электр жарыгын өчүрүү саат 9:00дөн 17:00дүн аралыгында болот. Айрым жерлерде 1-2 сааттан 4-5 саатка чейин созулуусу мүмкүн. План боюнча оңдоп-түзөө иштери ноябрь айынын аягына чейин аяктайт. Андан соң кооптуу абал болбосо жарык өчүрүлбөйт. Кечээ, 5-октябрда Жал кичи районунда подстанция күйүп, учурда оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Юрий Гагарин, Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев, Иса Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймактарда жана Жал кичи районунун айрым жерлеринде убактылуу жарык жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, кечээ, 5-октябрда саат 17:32лер чамасында Жал кичи районундагы "Айни" подстанциясында өрт чыккан. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.