Мамкаттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев шайлоо системи эмнеге күмөн жаратпашы керектигин түшүндүрдү

"Маалыматтык шайлоо системи эл аралык сертификатка ээ болгондуктан күмөндүүлүк туудурбаш керек", - деди бүгүн, 6-октябрда тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев.

Анын айтымында, 2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системи 2016-жылкы референдумда жана 2017-жылкы май айындагы шайлоодо сыноодон өткөн. "Жаңы шайлоо технологиясы Борбордук шайлоо комиссиясы менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө программанын бардык коду Кыргыз тарапка берилип, БШКнын адистери тарабынан тейленет", - дейт ал.

Мындан тышкары Догоев шайлоочулардын тизмеси даяр болгонун баса белгиледи.

Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү күндө 3 миллион 31 миң 811 шайлоо бюллетендери даярдалып, аймактарга жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан