Бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык, экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев мамлекеттик муниципиалдыкк кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, маданияттын өкүлдөрүнө, спортчуларга жана спорт жаатында эмгектенген машыктыруучуларга, билим берүү жана илим тармагында иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге, ошондой эле дин өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө "Манас" ордени, "Достук" ордени, "Даңк" медалы тапшырылды. Мындан сырткары эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген артист наамдары, ошондой эле Ардак грамоталар берилди.