Кыргыздын белгилүү ырчысы, булбул үндүү, шайыр мүнөз Гүлбү Ороскул кызы кечээ, 6-октябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Элибизге таанымал болгон шайыр жеңенин бул жарык дүйнө менен кош айтышып кеткенине көпчүлүк ишене албай турат...
Ырчы тууралуу суук кабар жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга тарагандан бери көптөгөн акын, жазуучу, ырчылар жана ырчынын күйөрмандары Гүлбү Ороскул кызынын жаркын элесине арнап ырларды жазып, жоктоп жатышат. Көөдөнгө арман салган, жан кейиткен жоготуудагы жоктоолордун айрымдары төмөндө.
"Сен кеттиң калган калды,
Сезимде арман калды.
Кош жайың бейиш болсун,
Кош дебес аргам барбы", - деп жазат ак таңдай акын Жеңишбек Жумакадыр. Мындан сырткары көптөгөн колдонуучулар ырчынын шайыр, ак көңүл мүнөзүн, назиктигин эч бир адамдын көңүлүн оорутпаган жан болгонун белгилеп, кабыргалары кайышып тургандагы сезимдери менен бөлүшүүдө.
Курбусу Салтанат Кыдырмаева:
"Кечир, Гүлбү!...
“Элдин сүйүүсүнөн күйүп кетти” деген сөз бар эле ата-бабаларыбызда... Назик жаның көпчүлүктүн сүйүүсүн көтөрө албай күйүп кете бердиңби, Гүлбү...
“Ичине түшүп кетти” деген сөз бар эле элибизде. Өзгөгө толук айтпас, өзүңдөн төгүп чыгарбас бир бугуң бар эле, өзөгүңө түшүп кетип өмүрүңдү өчүрүп кеттиби ал бук, Гүлбү...
“Жүрөк каалаган, көкүрөгүм самаган жан азык темада шашпай сүйлөшүүнү сагындым, курбум, бирок иш көп...” дечү элең дайым. Жүзүңдөн да сулуу, көзүңдөн да нурлуу жан дүйнөң Жараткандан азык издеп кете бердиби, Гүлбү...
Сенин бу жарык өмүрдөн кеткениңе ишене албай, “эмне үчүн”, эмнеден улам”, “эмне кылса болот эле” деген түркүн суроолорду алдыма таштайм да, айланып келип эле бир жарым жыл мурдагы айтканың мээме кадалып, сенин өлүмүңө ошол “маселе” гана себепкердей телмирем...
“А, балким, ошондо...”, “А мүмкүн ошондо...” деп кайрып алчудай кайгырып, өкүнсөм келбес өткөн күнгө серпилем", - деп жазган.
Жаш акын Бердибек Жамгырчиев:
"Саргаят тура заматта,
Кулпурган жашыл кез деле.
Санаадан көз жаш тамат да,
Гүл соолуп калыш тез эле.
Күн сүйгөн гүлдүн ак бетин,
Ороду эми ак кепин..."
Төкмө акын Азамат Болгонбаев:
"Элмирбек боздоп ырдаган булбул Сиз элеңиз!!!
Өкүл апа Сизди бизди таштап кетет деп ким ойлоптур, арман... Күн нурундай жаркылдаган жан элеңиз го", - деп жазат акын.
Ыманкулова Гүлбү Ороскуловна 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.
1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы, 2 кыздын энеси, 1 неберенин таенеси.
2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен кызмат кылып келген. Фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунун солисти. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.
Сыйлыктары:
2016-ж. КРнын Президентинин Ардак грамотасы;
2008-ж. «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси;
2014-ж. КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы;
2016-ж. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын диплому;
2014-ж. «Токтогул - 150» коомдук фондунун диплому;
2014-ж. «Токтогул - 150» коомдук фондунун төш белгиси;
2012-ж. Кыргыз өлкөсүнүн Аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы;
2016-ж. Кытай Эл Республикасынын Жуӊго Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун «Манас» изилдөө борборунун Ардак күбөлүгү4
Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең, 8-октябрда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты эртең мененки саат 10:00дө Бишкектеги Беш-Күнгөй айылында өтөт.