Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бүгүн, 7-октябрда Талас облусуна иш сапары менен бара жатып, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда жол кырсыгына кабылып каза болду. Ал ушул жылдын 4-августунда 38 жашка толгон. Маркумдун артында 3 кызы калды.
Темир Жумакадыров быйыл 10-июлда SUPER.KG`нин түз эфиринде конокто болуп, колдонуучулар тарабынан келген суроолорго так жооп берип, кызыктуу маек курган. Маекти толугу менен видеодон көрө аласыздар.