"Темир Сариев жана казак ишкердин сүйлөшүүсү" деп тараган аудио тууралуу Сариевдин штабы жооп берди

Интернетке тараган "Темир Сариев жана казак ишкердин сүйлөшүүсү" деген аудио жазуу боюнча Сариевдин штабы жооп берди. Алар аталган билдирүү кезектеги Темир Сариевге карата уюштурулган кара пиар экенин билдиришти.

"Темир Сариев жана казакстандык ишкер Булат Утемуратовдун сүйлөшүүсү делинип интернетке жайылтылган телефондогу сүйлөшүү ким тарабынан жана кайсы жерде жазып алынганы белгисиз. Бул сүйлөшүү алдыда боло турган шайлоого жана кыргыз саясатына эч кандай тиешеси жок экени көрүнүп турат. Анда тараптар жеке жана саясатка тиешеси жок маселелерин талкуулап жатышат. Мындан улам ар кандай ушак-айыңга түшүндүрмө берүүнүн кажети жок деп эсептейбиз.

Бул кадам Темир Сариевге карата уюштурулган кезектеги кара пиар. Мындай ыкмалар менен айрым саясий атаандаштары аны каралоого аракет кылышууда. Бирок алар мындай иш аракеттери менен болгону элге өздөрүнүн коркуп жатышканын билгизишип, жаман көрүнүп алышарын түшүнбөй жатышат", - деген жооп узатышты Темир Сариевдин штабынан.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Темир Сариев жана казакстандык ишкер Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефондогу сүйлөшүүсү интернетке жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
FIFA.
2017-10-07 17:25:09
Сүйлөшсө эмне болуптур? Ушул ХХХХ бийлик болбогон нерселер үчүн башка талапкерлердин артынан сая түштү.
+4
Drongo
2017-10-07 18:34:00
Темир Сариевдин президент болушун каалайт элем.Анткени,Темир мырзанын харизмасы кучтуу,акылдуу адам.Аны бекеринен РФнын президенти Путинге окшоштурбаса керек.Кудай буюруп,Сариев шайлоодо женсе,Кыргызстанды онуктуро турган мыкты президент болот.Тараза ташы Сариев жакка ооп турган учун,айлалары кетип турган кези деп тушунсо болот.Темир мырза,алга!
-7
jbolotov
2017-10-07 21:11:02
Темир мырзан аман эле болсун. Миллиодогон долларды жеп койду деген чыр менен иштен кетти эле же соттолбоду же озунун ак экенин дадилдебеди.
+2
mishonia8077
2017-10-08 00:19:22
jbolotov,күнөөсү болсо соттолмок да,күнөөсү жок экенин депутаттардын алдында далилдеген.Сен көрбөй калсаң эле далилдебеген болкп калабы
-3
jbolotov
2017-10-08 11:56:38
mishonia8077, Куноосун депуттатардын астында актабайт, аны атайын ишин тыкыс карап текшерген Сот прокуратура аныктайт.
0
Best.bakyt
2017-10-08 05:38:29
jbolotov,Темир Сариевтин мыкты иш алып барып жатканынан корккон бийлик. Президенттик шайлоо алдында элге алынып кетет деп. Анан жок шылтоону мойнуна илип жумуштан алып тушкон арсыз бийлик. Болбосо пемьер болуп Сариев иштегендей бир да пемьер иш корсото алган эмес.
-2
Miru
2017-10-08 11:58:20
Сооронбайды мактап эле жатышат ал ош обл губернатор болуп турганда эч бир иш чарага катышпай кабинеттен чыкпай терезеден карап отурчу эле. Кимдин кимдин заманы болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан