Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Улугнор районунун акими облус жетекчисинин катуу жемесинен кийин ооруканага жеткирилип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, пахта жыйноо боюнча өткөн иш-чарада 57 жаштагы район акими Асилбек Юсупов жетекчиликтен жеме уккан. Аким жыйындан кийин иш бөлмөсүнө барып, оозу-мурдунан кан кетип, эс-учун жоготкон. Ооруканага жеткирилген Юсуповдун дартына дарыгерлер инсульт деп диагноз коюшкан. Ал 3 күн бою комада жатып көз жумган.
Жыйынга катышкандар облус жетекчиси акимди катуу жемелеп, шылдыңдаган деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат беришкен. Дарыгерлер акимдин инсультка кабылышына мээнин чарчашы, стресс себеп болгонун айтышкан.