Кытайлык кыз уюлдук телефондогу оюндарды көп ойногондуктан бир көзү көрбөй калганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 21 жаштагы кыз күн сайын смартфондогу оюндарды ойноп, анын жыйынтыгы бир көзүнүн көрбөй калуусуна жеткирген. Бул тууралуу өзү төмөнкүлөрдү айткан.
"Жумуш жок күндөрү таңкы саат 6да туруп, тамактанган соң 16:00гө чейин оюн ойнойм. Анан кайра тамактанып, түнкү 1лерге чейин ойночумун. Кээде абдан берилип кеткендиктен тамак ичүүнү да унутуп койгон учурларым болгон", - деген ал.
Дарыгерлердин айтымында, мындай абал көбүнчө кары адамдарда кездешет. Ал эми кытай кызынын бул абалына көзүнүн өтө чарчагандыгы себеп болушу мүмкүндүгү божомолдонууда.