Бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда өкмөттүн бирдиктүү электрондук кызмат көрсөтүүгө багытталган "Мамлекеттик электрондук кызмат порталы" жана "Маалыматтык күркөлөр" программасынын ачылышы өтүүдө. Ага премьер-министр Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык эксперттер катышууда. Өкмөт башчы порталды колдонуунун жана анын шарттары тууралуу айтып, алгачкылардан болуп өзү биометрикалык паспорту менен каттоодон өттү.
Электрондук кызмат порталы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта пайдаланууга жол ачат. Ал "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Аны пайдалануу үчүн идентификациялык электрондук карта (биометрикалык паспорт) алып, компьютерге атайын программаны көчүрүү керек.