2017-жылдын 6 айында Кыргыз мамлекетине кирген чет өлкөлүк түз инвестициялар 369,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 8,17 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Гүлбара Мажыкова билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдын 6 айында экономикалык инвестициялардын кириши төмөнкүдөй тартипте болгон:
67,5 пайыз - өндүрүш;
12,4 пайыз - геологиялык чалгындоо;
10,4 пайыз - каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагы;
0,4 пайыз - курулуш тармагы;
0,1 пайыз - электр, газ жана суу менен камсыздоо тармагы;
9,2 пайыз - башка тармактар.
Орусия федерациясы былтыркы 6 айга караганда 2017-жылы 91 пайызга аз инвестиция киргизген. 2016-жылы Орусиянын инвестиция көрсөткүчү 169,4 миллион долларды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 8,1 миллион долларга барабар болду.