Боинг кырсыгы: Түркия тарап учак кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын калган бөлүгүн да которду

Түркия тарап Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын калган бөлүгүн да которду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев Боинг кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жыйынтыктоочу жыйын өткөргөн. Анда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 135 макулдашууга кол коюлуп, жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөнүп берилгени айтылды.

"Компенсациянын суммасы жабыркагандар менен макулдашылган. Түрк тараптан компенсация толугу менен которулду. Жарандардан жана уюмдардан ӨКМда ачылган эсепке түшкөн каражат жабыркагандардын жана каза болгондордун жакындарынын банктагы өздүк эсебине которулган", - деди Абылгазиев.

Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунун жанына Түркиянын Боинг учагы кулап, кырсыктан улам 39 адам каза болгон. Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев Боинг кырсыгынан келтирилген зыян 195 миллион сомго эсептелгенин айткан эле. 30-мартта Түркия тарап Боинг кырсыгында жабыркагандарга 42 миллион сом которгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Patirot
2017-10-10 14:16:53
Которулган акчаны оздөрү чөнтөгүнө салдыда элге бербей
+9
Nurbollot
2017-10-10 14:24:53
жуктун ээси ким экенин билгилечи биринчи
+6
AKCAHAT
2017-10-10 14:37:03
Алар го которот тыйынына чейин а биякта ээлерине жетпейт да. Жарым жолдо акчадан, байлыктан, ачкоздуктон жабыркаган оорууларга таратылып кетет
+11
fora
2017-10-10 14:40:36
Анакей биздин бийликтин акыбалы
+6
anuvar0903
2017-10-10 14:53:53
Ошол акчалар элге толук берилдиби эл канча млн топтоду эле аларчы
+4
bakulya2015
2017-10-10 14:59:48
Шайлоого нак акчада бул
+4
kokboru
2017-10-10 15:37:01
Канча которуптур супер инфо билип бергилечи же силерге да айтпадыбы? Демек журналистерге да айткан эмес
+1
admin_superstan
2017-10-10 16:33:30
kokboru, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Isco22
2017-10-10 15:48:39
Шайлоо болбой калганда кантет эле,балким берилбей калаар эле. Шайлоого кичине калганда оздорун корсотуш учун кылып жатат
0
nur_zhoni
2017-10-10 21:28:48
Сокени шайлабагыла коркбогула ким кимди шайлаганы билинбейт экенго
+2
karona
2017-10-11 04:04:10
Ээси ким ошо керек бизге, акчасынын кереги жок!
+1
admin_superstan
2017-10-11 10:35:50
adjo_krsu, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан