“Канат Исаевди УКМК эл душманы катары көрсөткүсү келип жатат”,- деген оюн бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин жактоочусу Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, Канат Исаевди куугунтуктоо анын Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканынан тарта башталган. “2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушталган. Исаев буга каршы чыккан. Мындан кийин Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон”, - деп эскертти адвокат.
Ошондой эле жактоочу Канат Исаев акчаны үгүтчүлөргө бергенин баса белгиледи. Жактоочунун айтымында, акчаны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө берген деген маалымат калп. Жумаков интернетке тараган чуулуу видео качан тартылганы белгисиз экенин кошумчалады.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан. Ал эми УКМК Исаевдин күнөөсү далилденип жатканын билдирген.
4-октябрда Канат Исаевди коргоо комитети түзүлгөн.