Бүгүн, 28-майда Бишкекте өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда аймактык коопсуздук тууралуу сүйлөшүүлөр болгондугун ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа билдирди. Айтымында, 2014-жылы Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгарылышынын ЖККУга мүчө мамлекеттерге тийгизген терс таасирин азайтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. “Мамлекеттерде туруктулукту сактоо боюнча жана аскерлерди күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле жыйында мамлекеттик чек араларды коргоону күчөтүү, аларды аскердик техника менен камсыз кылуу, ошондой эле терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө тиешелүү кызматтардын биргелешип иштөөсү да каралды”,- деди Бордюжа.