Бүгүн, 12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында мамлекет башчы жарандардын суроолоруна жооп берди. Анда президент жол, мектеп, оорукана куруу маселелери жөнүндө маалымат берди. Атамбаев облустун тургундарын дайыма колдоп, ишенип келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө да сөз кылган. Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоо таза өтө турганын айтты өлкө жетекчиси.