Президенттик шайлоого карата жалпы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык байкоочулар дүйнөнүн 58 мамлекетинен болот. 12-октябрда БШК эл аралык 8 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн. Алар Кыргыз өлкөсүндөгү Иран элчилигинин, JICA жана KOICA эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү.
Эл аралык байкоочу мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Ал чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.