Бишкекте бүгүн, 13-октябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүүдө.
Анда Бекназаров: "Менин саясаттан биротоло кетерим тууралуу сөздөр болду. Бирок командалаштарым саясатта кал деп мени көндүрүштү. Биз баштаган иштерибизди улантабыз. Шайлоодон кийин анын жыйынтыгына өз алдыбызча баа беребиз. Бирок 60 жаштан ашканда саясаттан кетүүнү көптөн бери ойлонуп жүрөм. Азырынча чоң саясатта калам", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын 12-октябрда теледебат учурунда билдирген.