Бүгүн, 29-майда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 21 жылдыгы менен ардагерлерди жана аскерлерди куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат:
“Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 21 жылдыгы менен куттуктайм. Куралдуу күчтөрүбүз эгемендик жылдарында татаал жолду басып өттү. Жоокерлерибиз өз милдетин так аткарып, чыныгы офицерлер намыска бек туруп, жоопкерчиликтүү болгондуктан, кыргыз аскери күч алып, калыптанды. Элибиздин акылмандыгы жана сабырдуулугу эгемендүүлүгүбүздү жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калды.
Өлкөбүздү, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр бололу. Биз бардык мамлекеттер менен бирге тынчтыкта, достукта жашоого умтулабыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана эл аралык терроризмге жана экстремизмге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгитрафикке туруштук бере алабыз. Учурда биз аскерди башкарууну жана камсыз кылууну жакшы жолго коюп жатабыз. Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдү башкаруунун Бирдиктүү борбору түзүлөт. Ал өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз аскери заманбап курал-жарактар жана техника менен жабдылат. Жакынкы жылдары мамлекет жоокерлерибиздин социалдык абалын жакшыртууга, коомдогу кадыр-баркын жогорулатууга багыт алат.
Куралдуу күчтөрдөгү жана аскердик билим берүү мекемелериндеги терс көрүнүштөрдү жоюуга милдеттүүбүз. Тынчтык мезгилинде Кыргызстан жоготууларга учурабашы керек. Биз аскер кызматын эрдиктин жана мекенчилдиктин мектебине айландырууга тийишпиз.
Урматтуу Кыргызстандын аскерлери!
Бардыгыбызды кубаттуу жана өнүккөн мамлекетти куруу максаты бириктирип турат.
Ыйык милдетиңерди ар-намыстуулук жана каармандык менен аткарат деп ишенем. Бул майрам өз жерине болгон сүйүүнүн, Мекенди коргоого даярдыгыбыздын белгиси болуп кала берсин! Сиздерге сабырдуулук жана кайраттуулук, тынчтык жана бакубаттык каалайм!"