Бүгүн, 13-октябрь күнү "Акипресс" маалымат агенттиги Орусиянын ИИМи Кыргызстандын президенттигине талапкерлеринин бирөөсүнүн жардамчысын унаасынын багажнигинде 25 миллион доллар менен кармаптыр деген аталыштагы кабар чыгарган. Бирок көп өтпөй жогорудагы кабарды маалымат агенттиги өчүрүп салды.
Бул маалыматтын кыска убакыт ичинде популярдуу боло баштаган Сапар Исаковдун оозу менен айттырылышы, кайсы бир күчтөр аны "подстава" кылып жатабы деген ойго жетелейт. Себеби орус маалымат каражаттарында мындай маалыматтын чыкпаганын эске алсак, анда маалымат президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы жасалган кезектеги жалаа (кара пиар) деп түшүнүүгө болот. Анын үстүнө 25 миллион доллар акча унаанын багажнигине батышы мүмкүн эмес.
Бул маалыматтын дагы бир максаты - Сапар Исаковду жалганчы кылып көрсөтүү сыяктанат.