Ооганстандан келген памирлик кыргыздар жер шартына көнгөнгө чейин Нарын облустук ооруканасына жайгаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнө окуу үчүн алып келинген памирлик кыргыздар кечээ, 13-октябрда Нарын шаарына келишти. Учурда алар медициналык кароодон өтүүдө. Жер шартына көнүшкөнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Ошондуктан ооруканага жайгаштырылды. Андан кийин Нарын районунун Куланак айылындагы №86-кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылат. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен өкмөт каржылайт", - дейт Айнура Дүйшөк кызы.
Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.