ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 57 жашка чыкты

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.

1989-1992-жылдары - КУМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;

1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;

1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.

1997-жылдан 2010-жылга чейин:
- “Акун” ЖАКсынын башкы директору;
- “Бишкек ун комбинаты” ААКсынын башкы директору;
- «Кереге» ААКсынын Директорлор кеңешинин төрагасы;
- Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти;
- Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;

2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Алган сыйлыктары:
• 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын жеңип алган;
• 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
• 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кошумча маалымат:
• Филология илимдеринин кандидаты;
• Пицундада өткөн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү.
• Ч.Айтматов Академиясынын академиги.
• «Жүрөктөгү жаңырык» (1985), «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору.
• «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу.
• Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон.
• Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.

15-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан