Турак жай маселесин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 29-майда өтүп  жаткан ЖКнын жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан Турак жай кодексинин долбоору, ошондой эле турак жай маселесин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзамдар топтомунун курамында 9 мыйзам долбоору бар. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Депутат Замир Бекбоевдин маалыматына ылайык, акыркы жылдары турак жай маселелерин жөнгө сала турган мурдагы жоболордун басымдуу бөлүгү заман талабына жооп бербей калгандыктан, көптөгөн башаламандыктар өкүм сүрүүдө. Ошондуктан турак жай жаатындагы талаш маселелерди ыраатташтыра турган жаңы ченемдик мыйзам актысын иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон. Ошондой эле турак жайга ээ болуунун жана аны күтүүнүн жаңы тартиптери да киргизилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан