Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Анда өлкө жетекчиси: "Өлкөдө баш аламандык уюштурабыз дегендерди отургузганбыз, отургузабыз. Ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Кечээ экс-депутат кармалды. 1-декабрга чейин баш аламандык уюштурам дегендерди отургузганга убактым жетет. Куловго, Курмановго ким акча төлөп берип жатканын билебиз. Баш аламандык уюштургандарга түрмөдө орун жетет", - деп билдирди.
Өлкөдө бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө.