Бүгүн, 15-октябрда өлкөдө президенттик шайлоо өтүүдө.
Президенттикке талапкерлигин коюп, кийин кайра баш тарткан Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарында №2113-шайлоо тилкесинде добуш берди. Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Бишкектен добуш берген.
Эскерте кетсек, шайлоого 11 талапкер катышууда: Эрнис Зарлыков, Токтайым Үмөталиева, Темир Сариев, Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Арстанбек Абдылдаев, Азимбек Бекназаров, Сооронбай Жээнбеков, Адахан Мадумаров жана Арсланбек Малиев.