Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 7,5 пайызы добуш берди. Ош облусу эң активдуу болууда

Өлкөдө саат 10:00гө карата шайлоочулардын 7,5 пайызы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов маалымат жыйынында билдирди.

“Учурда саат 10:00гө алынган жыйынтык боюнча өлкөдө шайлоочулардын 7,5 пайызы добуш берди. Жалпы эсеп менен 227 миң шайлоочу добуш берди", - деди ал.

"Добуш берүүдө Ош облусу активдүү болууда, Ошто 10,4 пайыз шайлоочу катышты. Ал эми Таласта шайлоочулардын 8,5 пайызы, Баткенде 7 пайызы, Ысык-Көлдө 8 пайызы, Нарында 8 пайызы, Бишкек шаарында 7 пайызы, Чүйдө 6 пайызы, Жалал-Абадда 7 пайызы добуш берди. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участкасы ачылган. Алар эми гана иштеп башташты, чет өлкөдөгү жарандарыбыздын 1,5 пайызы добуш беришти”, - деди Бекматов.

Андан сырткары ал өлкө боюнча алты шайлоо тилкесинде техникалык себептер менен добуш берүү бир аз убакытка кечеңдетилгенин, бирок тоскоолдуктар тез арада жоюлганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RaHat19
2017-10-15 11:53:28
Ким алдыда баратат
0
Lu4ano
2017-10-15 12:00:18
алдыда Бабанов
0
nurbekasr
2017-10-15 12:03:09
Азыр айтылбайт ким алдыда бара жатканы,шайлоо кызыксыз болуп калат.Алдыда бара жаткан биздин болочок президент.
+3
ajdaaar
2017-10-15 12:13:44
Монитор корунбойт го, монитордон корунушу керек, ошол адамбы же жокпу деп... Болбосо баягы эле "карусель" ыкмасы колдонулат, калп эле документ текшеримиш болуп бюллетень карматышып, тизмеде жокторго да... Кана, ошол монитордун суроттору?!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан